Жапаров бүгүн-эртең борбордо көмүрдүн баасы арзандай турганын айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Бишкек шаарындагы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда президент Жапаров бүгүн-эртең борбордо көмүрдүн баасы арзандай турганын айтты.

«Күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча Министрлер кабинетине тапшырмалар берилди»,-деди Жапаров.