Кыргызстан «Мегакомго» байланыштуу ишти Лондон арбитраждык сотунда утту

Кыргызстан 300 млн доллар суммасындагы «Мегаком» уюлдук операторуна байланыштуу ишти Лондон арбитраждык сотунда утту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Британиянын Виргин аралдарында катталган Penwell Business Limited («Пенвелл Лимитед») компаниясы 2017-жылдын июлунан бери ЮНСИТРАЛ Арбитраждык регламентине ылайык, Кыргызстанга каршы арбитраждык иш козгоп, 298 млн долларды өндүрүүнү талап кылып келген.

2021-жылдын 8-октябрында арбитраждык чечим чыгып, ал чечимде доочунун 298 млн долларын өндүрүү жөнүндө дооматы Арбитрлердин толук курамы тарабынан четке кагылган.

«2021-жылдын 5-ноябрында бул арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку Сотуна өтүнүч берүүнүн мөөнөтү бүттү жана кыргыз тарап дээрлик 300 млн доллар суммада болгон бул талашты биротоло утканын расмий айтууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Доочу өзүнүн инвестицияларын Кыргыз Республикасында коррупциялык жол менен алгандыгына байланыштуу Арбитрлердин курамы доочунун талаптарын негизсиз деп эсептеди.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Пенвеллдин» 2005-жылдын октябрь айында «БиМоКом» (Мегаком) компаниясын сатып алышы, андан кийин бул компаниянын 49% акциясын, ошол кезде Алексей Елисеев көзөмөлдөгөн «Форнтек» компаниясына сатышы «Пенвелл» компаниясынын Кыргызстандагы инвестициясы коррупциялык жол менен алынганын далилдейт.

Ошондой эле 2010-жылы «Пенвелл» өзүнүн бизнесин коррупциялык жолдор менен контролдоого аракеттенип судьяларды жана прокуратуранын кызматкерлерин паралап «Пенвелл» компаниясынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракеттенген.

Министрлер кабинетинде арбитраждык процесстин тарыхы, себептери, мазмуну жана жыйынтыктары анализделип, Юстиция министрлиги тарабынан эл аралык арбитраждык иштерде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун арттыруу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралардын комплекси демилгеленди:

-инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүп, мамлекеттин юрисдикциялык иммунитетин күчтөндүрүүгө көңүл буруу;

-жергиликтүү же эл аралык юристтердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо жана чыгымдарга мониторинг жасоонун инструменттерин киргизүү;

-эл аралык юристтер менен иштөө үчүн арбитраждык маселелер боюнча эксперттердин жергиликтүү пулун өнүктүрүү;

-анализдөө жана иш-аракеттеринде арбитраждык талаш үчүн потенциалы бар опурталдуу топтогу мамлекеттик кызматчылар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.