Кара алтындын баасы 6 миң сомду чапчыды

  2021-жылдын 11-ноябрга карата октябрь айына салыштырмалуу көмүрдүн баасы  14,7 процентке жогорулады. Анын бир тоннасы 5 миң 942,9 сомду түздү.

Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ноокатта эң кымбат көмүр (10 миң сом), Баткенде (9 миң 344,7 сом)  Исфанада (8 миң 746,4 сом). Эң арзан кара алтын — Чаек айылында 3 миң сом, ошондой эле Балыкчы шаарында 4 миң 49,7 сом, Нарында жана Кара-Балтада 4,5 миң сомду түзөт.

Эң кымбат көмүр Кербенде —  1 миң 138 сомго кымбаттаган (19 процент), Бишкекте —1 миң 39,1 сомго (22,8 процентке өстү), Таласта — 989,2 сомго (17,4 процент) жана Жалал-Абадда — 946,3 сомго (16,2 процент) баалар кескин жогорулаган.