Кыргызстан футбол командасы Сингапурду 2:1 эсебинде утуп алды

Кыргызстандын командасы атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп алды

11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапурдун командасын утуп алды. Беттеш Дубайда өттү.

Эсеп 2:1 болду.

Атаандашынын дарбазасына голдорду футболчулар Айзар Акматов менен Эрнист Батырканов киргизди.

Сингапур курамасынын дарбазасына гол 3-мүнөттө киргизилди. Экинчи гол 9-мүнөттө киргизилди.

Белгилей кетсек, 16-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Бахрейн курама командасы менен беттешет.