Анжелика Дубайдагы ЭКСПО көргөзмөсүндөгү Кыргыз павильону мышык ыйлай турган абалда экенин айтты

Ушул тапта Бириккен Дубайда ЭКСПО көргөзмөсү өтүп жатат. ЭКСПОго барган ырчы Анжелика Кайратова ал жердеги кыргыз павильонунун начар абалын айтып, көзүнөн жаш алып түз эфир аркылуу кыргызстандык ишкерлерге кайрылды.

Төмөндө Анжеликанын билдирүүсүнүн тексти:

“Эмнеге учнукпашыбыз керек?

Өлкөнүн өнүгүүсүнө сонун жолдор бар!

Торговая промышленная палата деген баарын чечет экен. Бишкектен мен ошол мекеменин кабинетинен ыйлап Дубайга учкам. 7 миллион сомдук чыгым жазылган кагазды көрүп, 3000$ эле үч кийимге кетет экен. Алар эмне болгон кийим экен деп кызыктым. Эң арзан синтентика велюрга тамбур машинесинде түшкөн чиймелери бар , өлчөмү батпаган кийимдер келиптир. Алар кийилбей эле жатат!

Жаман сөз айтпай , “Мен белек кылам”! Дубайдын ысыгына чыдай турган, сапаттуу, мааниси бар оймолор түшүрүлгөн костюм, юбка, шым, пиджактарды өз чөнтөгүмөн төлөп тиктиртип берем. Аталган кийимдерди жылмайып, үнүн катуу чыгарып, Кыргызстан тууралуу тыпылдап маалымат берген уул-кыздарга. Азыр үч адамдан кезектешип алтоо иштеп жатат. Алар ишке чыкса- чыкпаса дагы айлык маянасы алдын ала кетчү чыгымга жазылып бөлүнгөн. Жол кире, жатакана, тамагы – дагы бөлүнгөн.

Эми суроо алар кандай критерийлер менен алынган ? Мен жан күйүп айтып жатам. Сындаган жерим жок. Башка улут өкүлдөрү- биздин павильондо волонтёрлугун укмуш аткарып жатышат. Аларга рахматты унутпайлы.

Эми алдыда улуттук күн! Кыргызсатндын күнү болот, туугандар.
“Кандай өтөт?”, – деген суроого, Камбаркан ансамбли келип, жарым саат концерт коюп кетет экен. Болду. Балким, кыргыз кийимдер көргөзмөсүн уюштуруп, алып баруучу, ырчыларды, буту менан жаа аткан , комуз-шоу жасагандарды алып келебиз?
Макул техникадан аксып жатсак дагы- таланттар менен таанылабыз?
Эмне үчүн жазып жатам? Силерден башка кимге айтам? Ким угат? Ким чечим чыгарат?”, – деп катталуучуларына кайрылган ырчы.