Анвар Абдраев: Сомдун куну түшүп кетет деген коркунуч жок

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 30-октябрь күнү G20 өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинде сүйлөп жатып, дүйнөдө глобалдуу инфляциянын чыгуу коркунучу бар экендигин айтты. Ошондой эле, түрдүү мамлекеттерде бюджет дефицити пайда болуп товарларга жана кызматтарга болгон баа өсүп кетиши мүмкүн экендигин жар салды.

Бул маселе боюнча BULAK.KG маалымат сайты Кыргызстан банктарынын бирикмесинин жетекчиси Анвар Абдраевге кайрылып оюн укту.

“Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнөн башка жалпы баалар да көтөрүлүп жатпайбы. Бул проблема дүйнө жүзүндө да ушундай эле жүрүп жатат. Биздеги эле көйгөйлөрдү карап көрөлү, суу, чөп, жемге болгон баалар өсүп, тартыштык жаралды.

Демилгелүү жаңы өкмөттүн келиши менен Акылбек Жапаровго жолугуп, банк өкүлдөрү колдон келген көмөгүбүздү көрсөтөбүз дедик. Ал киши бюджетти эки эсеге көтөрөбүз деп жатат. Өлкөнү көмүскө экономикадан чыгарышыбыз зарыл. Менимче кичи жана чоң ишкерлердин 60-70 пайызы салыктарды төлөбөй келет.

Курулуш материалдары азыр эки эсеге кымбаттады. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Биз курулуш үчүн керектүү каражаттарды Казакстан менен Россиядан алып келгендиктен, баалар ошол өлкөлөрдө коюлуп жатат. Мен курулушчулар менен сүйлөшсөм айрым материалдар жок болуп, узун кезекте турганын айтышты.

Биздин сомубуздун курсу азыр менимче туруктуу эле турат, тез өзгөрүп кетүү деле болбойт. Россиядагы мигранттардын которгон акчаларынан улам биздин сом орустардын рублине байланыштуу болуп жатат. Демек, сомдун куну түшүп кетет деген коркунуч жок”,- дейт Анвар Абдраев.

YouTube video