Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин G20 өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинде сүйлөп жатып, дүйнөдө глобалдуу, гиперинфляциянын чыгуу коркунучу бар экендигин айтты. Ошондой эле, түрдүү мамлекеттерде бюджет дефицити пайда болуп товарларга жана кызматтарга болгон баа өсүп кетиши мүмкүн экендигин жар салды.

Кыргызстанда инфляция канчалык деңгээлге чейин өсүшү мүмкүн? Азык-түлүккө болгон баалардын жогорулап жатышы эмнеден улам? BULAK.KG сайты бул суроолорду Улуттук банкка жана эксперттерге берип комментарий алды.

Улуттук банк:“Биздин экономика дүйнөлүк рыноктон тышкары жашай албайт”

cc447e39 d145 4462 bb97 a9907f1e0d5a Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

“Биздин өлкөнүн экономикасында эч кандай гиперинфляция болбойт деп ишеним менен айта алабыз. Улуттук банк инфляциянын ички жана тышкы факторлорунун таасир этишин үзгүлтүксүз байкап, акча-кредит саясатында тийиштүү чараларды көрүп жатат. Биздин аракеттердин бардыгы өлкөдөгү бааларды туруктуу бойдон кармап, инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармап турууга жумшалууда.

Биздин экономика дүйнөлүк рыноктун катышуучусу болгондуктан, дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия рыногунун бааларынан өзүнчө жашай албай турганын эске алыш керек.

Кыргызстандын экономикасындагы баалардын өсүш динамикасы дүйнө жүзүндөгү көтөрүлүп жаткан бааларга түздөн-түз байланышы бар. COVID-19 вирусунун чыгышынан жаралган себептерден улам, 2022-жылы да инфляциялык эффект сакталып калышы мүмкүн.

Улуттук банк доллардын курсунун тез өсүш мезгилдерин чектен ашырбай кармап, валюталык рыноктогу абалды турукташтырууну көздөп келет. Башкача айтканда, валюталык интервенциялар курсту бекемдеп же төмөндөтүш үчүн эмес, бир калыпта кармоо үчүн жасалат.

Кошумчалай кетсек, рынокто товарларга болгон баа биринчи кезекте суроо-талап жана сунуштан улам болот. Өз кезегинде суроо-талап менен сунуш реалдуу муктаждыктан же сатып алуучулар менен сатуучулардын божомолунан улам болот.

Андан сырткары суроо-талап менен сунушка таасир эткен көптөгөн ички жана тышкы факторлор бар. Валюталык рынокто да дал ошол принцип иштейт. Бирок, алмашуу курсунун динамикасына таасир эткен факторлор тобун байкап, прогноз кылуу дээрлик мүмкүн эмес. 

Буга байланыштуу, алмашуу курсу бир калыпта эмес режимде иштеген өлкөлөрдө Улуттук банктар курс боюнча божомолдорду бербейт. Демек, Кыргызстандын да Улуттук банкы ошондой эле иштейт”.

Анвар Абдраев – Кыргызстан банктарынын бирикмесинин жетекчиси:

“Сомдун куну түшүп кетет деген коркунуч жок”

09f7fd7c95c941d4c6eebd35145a7aaeb8935b21 Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

“Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнөн башка жалпы баалар да көтөрүлүп жатпайбы. Бул проблема дүйнө жүзүндө да ушундай эле жүрүп жатат. Биздеги эле көйгөйлөрдү карап көрөлү, суу, чөп, жемге болгон баалар өсүп, тартыштык жаралды.

Демилгелүү жаңы өкмөттүн келиши менен Акылбек Жапаровго жолугуп, банк өкүлдөрү колдон келген көмөгүбүздү көрсөтөбүз дедик. Ал киши бюджетти эки эсеге көтөрөбүз деп жатат. Өлкөнү көмүскө экономикадан чыгарышыбыз зарыл. Менимче кичи жана чоң ишкерлердин 60-70 пайызы салыктарды төлөбөй келет.

Grafika1 Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

Курулуш материалдары азыр эки эсеге кымбаттады. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Биз курулуш үчүн керектүү каражаттарды Казакстан менен Россиядан алып келгендиктен, баалар ошол өлкөлөрдө коюлуп жатат. Мен курулушчулар менен сүйлөшсөм айрым материалдар жок болуп, узун кезекте турганын айтышты.

Биздин сомубуздун курсу азыр менимче туруктуу эле турат, тез өзгөрүп кетүү деле болбойт. Россиядагы мигранттардын которгон акчаларынан улам биздин сом орустардын рублине байланыштуу болуп жатат. Демек, сомдун куну түшүп кетет деген коркунуч жок”.

Думан Рыскулов – “Альянц” акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын жетекчиси:

“Кошуна өлкөлөрдө кандай кымбатчылык болсо, бизде да ошондой баалар болот”

l Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

“Тилекке каршы биз өндүрүүчү мамлекеттердин арасына кирбегендиктен, чоң державаларда, кошуна жана өнөктөш мамлекеттерде кандай кымбатчылык болсо, бизде ошондой эле кымбатчылык болот. Мисалы, өзүңүздөр билгендей күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк биржадан аныкталат. Бизге ун менен буудай Казакстан жана Россиядан келет эмеспи, быйыл былтыркыдан салыштырмалуу азык-түлүккө болгон баа кыйла жогору.

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алмашкандыктан биз анын кандай саясат менен иштей турганын азырынча билбейбиз. Мурдагы жетекчиси Толкунбек Абдыгулов мырзанын жүргүзгөн саясаты бизге белгилүү болчу. Доллардын курсун 85 деген чектен ашырбай, жогорулап баратса долларды сатып интвервенция аркылуу ылдыйлатканга жетишти. Эгер төмөндөп баратса сатып алып канча миллиарддаган сом киреше көргөн.

Россияда доллардын курсу төмөндөп 75 же 69,5 рублге түшкөнү байкалып жатат. Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусияда жана бөлөк мүчө болгон өлкөлөрдө доллардын курсунун ылдыйлаганы байкалууда. Биз азыр эч кандай прогноз бере албайбыз. Саясий абал сөзсүз түрдө өзүнүн таасирин тийгизет деп эсептейм. Инвестициялык климат жана башка факторлор да бар”.

Төлөнбек Абдыров– экономика илимдеринин доктору:

“Эгемендигибизди алгандан бери өндүрүштө көптөгөн ишканаларды жоготтук”    

1050105622 Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

“Путиндин G20 өлкөлөрүнүн саммитинде айткандары да жүйөлүү нерсе. Анткени аларда жүздөгөн илимий изилдөө институттары бар. Алар азыркы дүйнөдө болуп жаткан процесстерди качырбай карап турушат. Акыркы 2-3 жылдан бери болуп жаткан пандемия каатчылыгы да өзүнүн таасирин берди. Өнүгүү процесстери ушул пандемиядан улам урап, туруксуз болуп калды. Эми аны мурунку калыбына алып келүү үчүн убакыт жана аракет керектелет. Россия өлкө башчысынын айткан сөздөрү да ушуга негизделип жатат.

Азык-түлүк продукциясын да мурункудай көлөмдө чыгарууга убакыт керек. Дүйнөлүк климат боюнча да өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Негизи дүйнөдө кандай гана өнүгүү болбосун өз циклине ээ болот. Азыр чоң циклдердин убагы келип атат, аба ырайына, климатка таасирин тийгизген кубулуштар да болуп жатат. Жалгыз эле Кыргызстанда эмес түркүн мамлекеттерде кургакчылык жүрүп, бардык тармакка терс таасирин тийгизди. Бул процесстер экономиканын көтөрүлүшүнө түздөн-түз залакасын берүүдө.

Кыргызстан эгемендигин алган акыркы 30 жыл ичинде өндүрүш, жеңил, оор өнөр жайларын, айыл чарба ишканаларын жоготуп алды. Буга байланыштуу биз азыктарды чет жактан сатып алабыз. Тышкы соодабыздын структурасын карасак, экспорт болгону 30% түзсө, импорт 70% түзүп жатпайбы. Импорттун ичинде азык-түлүк продукциясы 80 пайызын түзүүдө. Өзүбүз өндүрбөгөндөн кийин башкалардын койгон баасында алып келебиз да.

Kurs Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

Доллардын куну өскөн сайын продукцияга да таасирин тийгизет. Бирок мен гиперинфляция болот дегенден алысмын, ошентсе дагы акыркы эки жылда инфляциянын көлөмү чоңоюп кетти. Дүйнөлүк процесс болуп жаткандыктан дагы деле өсүп зыянын тийгизет. Эбактан бери биз сунуш кылып айтып келаткандай, азык түлүк коопсуздугубузду камсыз кылышыбыз керек эле. Эң негизги 9 продукция болсо анын ичиинен үчөө менен эле өзүбүздү камсыз кыла алабыз.

Маселен, эт менен 70 %, жумуртка менен 40 %, суу май менен  20%, шекер менен көп дегенде 60 пайыз өзүбүздү камсыз кыла алабыз. Ун иштетип чыга турган ишканаларыбыздын көбүн атаандаштыкка чыдабай жоготуп алдык. Жалаң эле Казакстан менен Россиянын буудайын алып келип, иштетип чыгарып жатабыз. Элдин курсагын ачырбай, оор каатчылыктарга туш болбош үчүн 100 пайыз өзүбүздү азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек. Күйүүчү май боюнча деле ошол маселе. Азыр Казакстан бизге сатпай калган соң Россиядан ташып келип жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй газ болобу, күйүүчү майбы же энергетикагабы баалар өсүүдө. Бул процесстер мультипликативдик мүнөзгө ээ болуп, башка продукциянын да бааларын көтөрөт”.

Азамат Акенеев – экономист:

“Кийинки жылы инфляция божомолдонгондон да жогорураак болот”

32 Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

“Менимче баалар кийинки жылы мынчалык кымбатболбосо дагы, акырындан өсө берип, инфляция сөзсүз болот. Бардыгы эле өкмөттүн иш аракетинен көз каранды эмес. Азыркы жүрүп жаткан инфляция импортко байланыштуу болуп, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жүрүүдө. Бул жөн гана акча каражатынын көлөмү өскөндөгү инфляция эмес, COVID-19га байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөгө товарлардын кириши да оорлоп кетти. Мындай көрүнүштөр бүткүл дүйнөгө мүнөздүү болуп жатат. Транспорт, логистика, өндүрүш тармактары чоң үзгүлтүктөргө учурап жатканы белгилүү.

Азыр суроо-талап өсүп жаткандыктан өндүрүш бул ыргакка жетишпей калды. Карап көрсөк товарлар учурда бир гана сом менен эле эмес, доллар менен да кымбаттап жатат. Албетте бизде гиперинфляция болбойт. Мындай көрүнүш качан гана акча басып чыгаруучу станок ишке киргенде болушу мүмкүн. Бирок, менимче мындайга чейин жетпеши керек. Анткени, өлкөнүн Улуттук банкы азырынча эч кимге көз каранды эмес. Кийинки жылга карата Экономика министрлиги  5-7 пайызга чейин инфляцияны божомолдоп жатат. Бирок, бул жылы да алар мындай прогнозду кылганы менен туура чыккан жок. Демек, мындай эсептөөлөрү так чыгат деп ойлобойм. Менимче инфляциянын деңгээли андан дагы жогорураак болот.

Som Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

Доллардын сомго болгон куну боюнча айтсам, алмашуу курсу төлөм балансы аркылуу коюлат. Башкача айтканда, өлкөгө валюта кандай көлөмдө кирип жана чыгып жаткандыгына байланыштуу аныкталат. Ошол эле учурда соода балансынан да көз каранды. Ушул тең салмактуулуктун жаңы чекити жогорураак болот деп ойлойм. Анткени, бизде кирешенин негизги булактары – бул товарлардын жана кызматтардын экспорту менен мигранттардын которгон акчалары.

Эгер, ушул 2021-жылды алып карасак, алтынды экспорттоо деңгээли төмөндөп, төлөм балансын бузуп жаткандыктан, сомдун кунуна да басым кылууда. Азыр Улуттук банк интервенция жасап жатканы менен, алтындын экспорту тез калыбына келет деп ойлобойм. Бул маселе көпкө чейин созула турган план болсо керек. Структуралык дисбаланс болуп турганда валютанын курсун көпкө чейин кармап туруу мүмкүн эмес, анда биз жөн гана резервди коротуш керек болуп, эртели кеч курсту көтөрүш керек болот. Өкмөттүн массалык басымынан, түрдүү төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнөн, Кумтөрдү улутташтыруудан улам тоо кен өндүрүшүн экспорттоо төмөндөп жатат. Бул факторлордун натыйжасында канчага экенин айта албайм, бирок сомдун курсу төмөндөп кетет.

Кийинки жылы да товарларга болгон баа өсө берет деп эсептейм. Инфляциянын орто деңгээлинен да өйдө болушу ыктымал. Суроо-талап өсүп, керектеген адамдар азайган жок. Демек суроо-талапты түшүрүү үчүн бааны бир топ эле жогору көтөрүш керек болот. Бирок, 2021-жылдагы баалардын кыйла өзгөрүшүндөй болбойт деп үмүт кылам. Убакыт өткөн сайын өндүрүш маселелери чечилип, баалардын өсүшү токтоп калбаса да жайыраак ыргакка түшөт”.

Элмар Кыялбек уулу – экономист-аналитик:

“Инфляциянын негизинде Министрлер кабинети өндүрүш процесстерин жүргүзө алса жакшы. Антпесе, бизди алдыда өтө оор убактар күтүп турат”

“Жаңы түзүлгөн Министрлер кабинетинин алдында жетекчи Акылбек Жапаров койгон чоң тапшырмалар турат. 2021-жылдын аягына чейин бюджетти 280 млрд сомго чыгарып, 2022-жылы 400 млрд сомго жеткирүү максаты аныкталды. Бул тапшырма өтө оор болгондуктан өкмөт акча басып чыгара башташы мүмкүн. Бир чети бул абдан коркунучтуу көрүнүш. Анткени, акча массасы өскөнү менен өндүрүлгөн товардын саны ошол бойдон калып, натыйжада товарларга болгон баа жана инфляция өсүп кетет. Бирок, акчасын кармап сарптабай жаткан эл, каражтын чөнтөгүнөн чыгарып активдүү колдоно баштайт.

Эгер Министрлер кабинети ашык акча массасы менен маанилүү делинген: өндүрүш, агрардык маселелер, электроэнергияны чыгаруу долбоорлорун ишке киргизип, өндүрүлгөн жана экспорттолгон товардын санын көбөйтө алса, инфляция төмөндөйт. Эгер ушул маселелерди аткара албаса, өлкөнү катаал убактар күтүп турат”.

Аза Мигранян – э.и.д., профессор, постсоветтик изилдөөлөр Борборунун жетекчи илимий кызматкери:

“Кыргызстан импорт келишимдеринде доллардан баш тартып, төлөмдөрдү сом менен жүргүзүшү керек”

25 0 Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

“Албетте, инфляциянын чыгуу коркунучу бар. Азыр эле анын чекене жана майда дүң соодага тийгизген таасири билинип турат. 

Кыргызстандагы инфляциянын өсүшүнүн себептери – импортко болгон баанын көтөрүлүшү, транспорттук жана логистикалык кызматтардын кымбатташы, COVID-19 га байланыштуу чектөөлөр, түшүмдүүлүктүн төмөндөп кетиши, энергоресурстарга баанын өсүшү жана финансылык ресурстар менен өздүк бюджеттин дефицити.

fOND kopiya Азык-түлүккө болгон баалар менен доллардын курсу өсүп, инфляция күч алып кете береби? Эксперттердин ойлору

Дүйнөлүк гранддардын бюджет дефицитинин өсүшү тышкы кредит жана дүйнөлүк рыноктогу баалардын волатилдүүлүгү аркылуу республикадагы абалга кыйыр таасирин берип жатат.

Инфляция басымын токтотуудагы эң жакшы ыкма – азык-түлүк импортуна болгон көз карандылыкты азайтып, өздүк өндүрүш базаны көтөрүү деп айта алам. Бирок бул маселелер тоодой эмгекти талап кылып, узак убакыттан кийин гана чечилиши ыктымал.

Кыска убакытта инфляция ыргагын азайтууга монетардык көзөмөл аркылуу жетсе болот: реалдуу секторго ички инвестицияларды багыттоо менен акчанын жүгүртүлүш ылдамдыгын төмөндөтүү зарыл. Башкача айтканда,  жарандардын жана рынок катышуучуларынын каткан акчалары керектөө чөйрөсүнөн инвестиция тармагына өткөрүлөт.

Булардын бардыгы кичи жана орто бизнести колдоону, салыктардын фискалдуу ролунан баш тартууну жана улуттук өндүрүшчүлөргө салык жагынан стимул берүүчү системага өтүүнү талап кылат. Бааларды турукташтырууда ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрү жана Кытай Эл Республикасынан продукцияларды импорттоо келишиминде төлөм каражаты катары колдонулган доллардан баш тартып, улуттук валютада иш жүргүзүү чараларын колдонсо болот. Бул процесс валюталык рыноктогу басымды азайтуу менен инфляциянын өсүшүн да төмөндөтүп коюшу мүмкүн”.

YouTube video