«Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

Ысык-Көлдүн эли “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерин чоң жарышка ак бата менен узатышты

“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугуп жатат.

Эл менен болгон жолугушууларда талапкер Бактыгүл АшырматованынКыргызстан өнүгүшү керек. Ал үчүн өлкөгө люстрация керек. Мыйзамдар кынтыксыз иштөөгө тийиш. Эл мамлекет үчүн эмес, мамлекет эл үчүн иштегендей болушу шарт” – деген сөзү   элдин жүрөгүнөн түнөк таап, кызуу колдоого алынууда.

7ef8f36c b760 4f11 a213 ad3b0e1174ec «Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

Эскерте кетсек, “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери алгач жолугушууну Бишкек шаарынан баштап, Чүй, андан соң Нарын, Ысык-Көл облустарына барып эл менен жолугушту.

6c3dbcb0 ba76 45ca a7f5 19d651f6cef6 «Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

“Үмүт кербенинин” Ысык-Көл облусундагы сапары Тоң районунан башталды. Талапкерлер менен жолугушууга ысык-көлдүк тарапташтар күндүн суугуна карабай келип, жаштарды колдоп, дем беришти. Аталган райондун Кара-Коо айылында туулуп-өсүп, “Эл Үмүтү” партиясы менен шайлоого бара жаткан Болот Сагынаев:

adb17888 f536 4576 ba8a d527f34106ba «Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

“Урматтуу жердештерим, Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Күндүн суугуна карабай, ушул жерге келип биз менен жолугушуп жатасыздар. Саясатка аттанганымдын себеби – өлкөдөгү азыркы абалдан тажадым. Куру убадалардан, монополиядан тажадым. 30 жылдан бери бир ууч саясатчы кызматтан кызматка секирип, саясий монополия жаратып келишүүдө. “Эски кирпичтен жакшы там курулбайт” дегендей эле, эски саясатчылар саясий системаны башка нукка бурарына мен эч ишенбейм. Ошол себептен биз, демилгелүү жаштар башыбызды бириктирип депутаттыкка аттандык. Биздин катардагы улан-кыздар тууралуу айта кетсем, Болот Ибрагимов башынан эле эски саясатчылардын чириген системасына каршы чыгып, активдүү күрөшүп келе жатат. Аскар Алмаз уулу баарыбыздын эсибизде калган 2020-жылдын жай айындагы коронавирус илдети күчөгөн маалда ыктыярчы топторду уюштуруп, элге чоң жардам кылган. Айтор, биздин курамдагы жаштардын баары өз аракети менен көп ийгиликтерди жараткан, эл үчүн күйгөн мекенчил атуулдар. Буюрса, “Эл Үмүтү” сиздердин ишеничти актайт!” – деп билдирди.

1b165b31 4a16 47e4 887b 229033cfc8b7 «Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

Күндүн экинчи жарымында “Эл Үмүтүнүн” талапкерлери Жети-Өгүз районунда болушту. Чогулган элге дем берип, элдин көңүлүн көтөрө сүйлөгөн талапкерлердин бири Наристе Калчаев эски жүздөрдөн эл чарчаганын айтып, элге жаңылар, жаштар керектигине кеңири токтолду:

“Өзгөрүүгө, жаңыланууга убакыт келди. Келечек – жаштардыкы. 30 жылдан бери кооз сөздөрдөн, жалган убадалардан, эски жүздөрдөн биз тажадык. Чындыкты издеп, мамлекетти өнүгүү жолуна салуу үчүн өлкөбүздө 3 жолу төңкөрүш болду. Тилекке каршы, канчалаган жаш өмүрлөр кыйылып, көптөгөн жаштарыбыз ден соолугунан ажырап, майып болуп калышты. Ата-бабаларыбыз канын төгүп жүрүп, бизге кандай сонун мамлекетти калтырып кетишти эле. Учурда улуу муун бизге уурдалып, тонолгон Кыргызстанды калтырышты. Биз – жаман иштерге аралашпаган, таза, билимдүү, идеяга бай, курч, патриот жаштар “Эл Үмүтү” партиясына биригип, бир күч болуп алдыңыздарга келип отурабыз. Мамлекеттин жаркын келечегин биз орнотобуз! Элге тандоого 5 жылда бир эле жолу мүмкүнчүлүк берилет. Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, терең ойлонуп, чын жүрөгүңүздөрдөн добушуңуздарды “Эл Үмүтү партиясына бериңиздер деп айтат элем. Элдин үмүтү жаштарда”.

408a0884 0f95 4571 95f3 014f3c02a7a9 «Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

Элдин арасында жаштарга каалоо-тилегин айтып, батасын берген жарандар көп болду. Алардын бири Шайкүл Үмөталиева талапкерлерге кайрылып:

“Элдүү түлкү ачка өлбөйт” дегендей, эл арасында силердей билимдүү уул-кыздарыбыздын бар экени кубандырат. Өзүбүздүн балдарыбыздай балдар, кыздар экенсиңер, жооптуу ишке башыңарды байлап, мекендин жүгүн көтөрөлү деп депутаттыкка аттанып жатыптырсыңар. Кудай жаштын тилегин берет дейт. Тилеген тилегиңер кабыл болсун! Максатыңар ишке ашсын. Депутат болуп, эл кызматында болгула. Биз силерге батабызды берип колдойбуз, өмүрлүү болгула, айланайындар! – деп ак батасын берип, алкоо сөзүн айтты.

Андан соң “Эл Үмүтүнүн” “Үмүт кербени” Каракол шаарын көздөй сапарын улады. Ал жактан талапкерлерди Касымалы Жантөшов атындагы музыкалык театрга чогулган эл жылуу маанайда тосуп алышты. Эске салсак, Караколдун эли “Эл Үмүтү” партиясын, партиянын курамындагы депутаттыкка талапкер Руслан Осмоналиевди колдоо үчүн чогулушкан. Эски саясатчылардан арылып, өлкөдө өзгөрүүнүн болушун максат кылган Руслан Осмоналиев:

“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл өздөрү каалаган талапкерин шайлоо укугуна ээ болуп жатат. Кыргызстанда буга чейин 6 жолу Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Азыр, мына, 7-чакырылыштын депутаттары шайланганы турат. Буга чейинки 6 чакырылышта баягы эле эл таанып, билип бүткөн эски саясатчылар депутаттык мандатты бөлүшүп алышып, беш жыл бою мамлекетти ары-бери чоюшуп, элди кыйнап келишти. “Бийлик жаңылансын, бийликке жаштар келсин” деген элдин талабынан соң эски саясатчылар куулук кылып, жаштарды алдыга салып “арабызда жаштар бар, биздин партия жаштардан куралган” демиш болуп, парламентке өтүп, шайланып алган соң жаштарды артка түртүп чыгарып койгон учурларды көп көрдүк. Бул ирет жаштар алданбайт. “Эл Үмүтү” – жаштардын партиясы. Биз алдана турган жаштар эмеспиз. Биз эскилер менен күрөшөбүз. Биздин максат – өлкөгө өзгөрүүнү, жаңыланууну алып келүү” –деп элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

525f2830 6abb 4ec9 a5ba 66b3103efb90 «Эл үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте!

Көлгө болгон “Үмүт кербендин” алкагында “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери 11-ноябрь күнү Түп районунун жашоочулары менен кезигишти. Райондун эли “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерин жылуу маанайда тосуп алып, ак бата берип, ийгилик каалап узатышты. Түп районунун Арал айылында төрөлүп-өскөн “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыгүл Ашырматова Түп районунда көйгөйлүү маселелерге токтолуп, “Эл Үмүтү” партиясы парламентке шайланып келип калса, район-аймактарда жашаган элдин жашоосуна өзгөчө көңүл бурарына токтолду:

Урматтуу элим! Мен бүгүн кичи мекенимде сиздер менен жүз көрүшүп, абдан толкунданып, ошол эле маалда кубанып турам. Түп районунун Арал айылы менин киндик кан тамган жерим, куттуу уям. Көп жыл Германияда жашап, ал жактан билим алып келдим. Ал жакта жүрүп мен Кыргызстандын акыбалына кейип жүрдүм. Элиме, өлкөмө барып кызмат кылсам деген тилек кылчумун. Ошол тилегимди орундатуу үчүн сиздердин алдыңыздарга келип, депутаттыкка аттанып жатам. Кыргызстан өнүгүшү керек, өзгөрүшү кажет. Өлкөгө люстрация керек. Мыйзамдар кынтыксыз иштөөгө тийиш. Эл мамлекет үчүн эмес, мамлекет эл үчүн иштегендей болушу шарт. Тилекке каршы, ушул убакка чейин өлкөбүздө мыйзамдар иштебей келди. Биздин максатыбыз – партиялаштарыбыз менен бирге иштебей келе жаткан мыйзамдарды иштетип, элдин турмушун жакшыртуу. Өлкөгө өзгөрүү, жаңылануу алып келүү. Мен Арал айылында төрөлүп-өскөндүктөн, айылдын шартын жакшы билем. Биздин айылда таза суу көйгөйү, жол маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатат. Сиздердин колдоого ээ болуп шайланып калсак, эң биринчи ушул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасайм. Исхак Раззаков атабыз “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” дегендей, “Эл Үмүтү” партиясы, биз тазалыкты туу тутабыз!” – деди талапкер.

Талапкердин бул сөзүн кызуу кубаттаган Түп эли, жаштардан түзүлгөн “Эл Үмүтү” партиясына алдыдагы аламанда ийгилик каалап, өздөрү да жаш муунду колдошорун жашырышкан жок. Карапайым элдин арасынан Бактыгүл Ашырматова, Эртай Искаков өңдүү жаш, дилгир, таза муундун өсүп келе жатканына кубанган Түп районунун тургуну Турсункан Атамкулова апа кубанычын жашыра албай:

“Кыргызстандын келечеги болгон, элге үмүт арттырган жаштарыбыз биригип алдыбызга келип, программалары менен тааныштырып отурат. Элибиз кубанып, жаштарга үмүт артып турабыз. “Эл Үмүтү” партиясынын талапкери Бактыгүл Ашырматова өзүбүздүн кыз, мен ушул партияга добушумду берем”, – деди.

Эл арасынан жаштарга каалоо-тилек айткандар арбын болду. Түп районунун тургуну Бороншай Шоруков аксакал да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жаштарга болгон алкоосун айтып өттү:

“Канча жылдан бери шайлоо учурунда элге кооз сүйлөп, убадаларын берип келген депутаттарды жана эски чиновниктерди көргүбүз келбей калды. Элди алдагандан алар уялбады. Мына мыкты, билимдүү, курч жаштардан бириккен “Эл Үмүтү” партиясын үй-бүлөм менен колдойбуз. Мен шайлоого катышам, добушумду жаштарга берем. Үмүтүбүз ушул жаштарда”, – деди ал.

“Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербенинин” Ысык-Көл эли менен болгон жолугушуусу Бостери айылында уланып,  Балыкчы шаарында жыйынтыкталды. Жылуу маанайда тосуп алган Көл элине баш ийип, таазим кылган “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери кийинки сапарын улантуу үчүн ак калпак аталардын, ак элечек апалардын ак батасын алып, аттанып кетишти.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 11 ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.