Улуттук банк: Биздин экономика дүйнөлүк рыноктон тышкары жашай албайт

Кыргызстанда инфляция канчалык деңгээлге чейин өсүшү мүмкүн? Азык-түлүккө болгон баалардын жогорулап жатышы эмнеден улам? BULAK.KG сайты бул суроолорду Улуттук банкка берип комментарий алды.

“Биздин өлкөнүн экономикасында эч кандай гиперинфляция болбойт деп ишеним менен айта алабыз. Улуттук банк инфляциянын ички жана тышкы факторлорунун таасир этишин үзгүлтүксүз байкап, акча-кредит саясатында тийиштүү чараларды көрүп жатат. Биздин аракеттердин бардыгы өлкөдөгү бааларды туруктуу бойдон кармап, инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармап турууга жумшалууда.

Биздин экономика дүйнөлүк рыноктун катышуучусу болгондуктан, дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия рыногунун бааларынан өзүнчө жашай албай турганын эске алыш керек.

Кыргызстандын экономикасындагы баалардын өсүш динамикасы дүйнө жүзүндөгү көтөрүлүп жаткан бааларга түздөн-түз байланышы бар. COVID-19 вирусунун чыгышынан жаралган себептерден улам, 2022-жылы да инфляциялык эффект сакталып калышы мүмкүн.

Улуттук банк доллардын курсунун тез өсүш мезгилдерин чектен ашырбай кармап, валюталык рыноктогу абалды турукташтырууну көздөп келет. Башкача айтканда, валюталык интервенциялар курсту бекемдеп же төмөндөтүш үчүн эмес, бир калыпта кармоо үчүн жасалат.

Кошумчалай кетсек, рынокто товарларга болгон баа биринчи кезекте суроо-талап жана сунуштан улам болот. Өз кезегинде суроо-талап менен сунуш реалдуу муктаждыктан же сатып алуучулар менен сатуучулардын божомолунан улам болот.

Андан сырткары суроо-талап менен сунушка таасир эткен көптөгөн ички жана тышкы факторлор бар. Валюталык рынокто да дал ошол принцип иштейт. Бирок, алмашуу курсунун динамикасына таасир эткен факторлор тобун байкап, прогноз кылуу дээрлик мүмкүн эмес. 

Буга байланыштуу, алмашуу курсу бир калыпта эмес режимде иштеген өлкөлөрдө Улуттук банктар курс боюнча божомолдорду бербейт. Демек, Кыргызстандын да Улуттук банкы ошондой эле иштейт”.

YouTube video