Садыр Жапаров электр энергия жана көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров талкуу жаратып жаткан электр энергия жана көмүр маселеси боюнча өзүнүн Facebook баракчасына түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчы акыркы он жылда бир дагы ГЭС салынбаганын, электр энергиянын бир киловатын беш сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушканын, бул системаны банкротко алып келип, мурдагы бийлик 140 млрд. сомго жакын карызга батканын жазды.

“Мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз” деп тапшырма бергем. Бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып, энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт», — деген Жапаров.

Көмүр маселесине токтолгон президент, жайы менен “Кыргызкөмүрдө” саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталганын белгилеген. Бул тармактагы коррупцияны жоюуга аракет көрүлүп жатканын айткан.

«Кара Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. “Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү”мдеген. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Тагыраак айтсам, «воздух» келет. «Воздух» көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ТЭЦке алып келгенде бармак басты, көз кысты болуп эле өтүп кетип турган. Кара Кечеден баштап, ТЭЦке чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп туру