Аялды эркек киши сабаган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанында аялды эркек киши сабаган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынан билдирди.

Алар аялы менен күйөөсү экени белгилүү болду.

Буга чейин интернетте көчөдө эркек киши жанындагы аялды артынан кууп башка-көзгө койгулаган видео тараган. Аны “Короче” Telegram-каналы дагы жарыялаган.

Учурда окуянын чоо-жайы айтыла элек. Милиция тергөө иштерин улантууда.