Октябрь райондук ИИБ кызматкери пара менен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү коррупциянын көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, пара талап кылып алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

5 Октябрь райондук ИИБ кызматкери пара менен кармалды

Такталгандай, Октябрь РИИБнин кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым жарандарына акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом талап кылган.

Аталган материал Кыргыз Республикасынын УКМК 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 4-ноябрында КР ИИМ Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору Н.Э.Д. кармалды.
Кармалган ИИБ кызматкеринин авто унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 АКШ доллары жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган.

3 1 Октябрь райондук ИИБ кызматкери пара менен кармалды
2 2 Октябрь райондук ИИБ кызматкери пара менен кармалды

Кармалган Н.Э.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга КР УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.