Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, – сүрөт

IMG 0861 Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, - сүрөт

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 4-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен дүйнөлүк чемпионаттан биринчиликти жана байгелүү орундарды багындырган спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. «Белбоо күрөшү» боюнча биринчилик Татарстандын Казань шаарында 28-31-октябрь күндөрү өткөрүлгөн.

75 кг салмак чен бирдигинде ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Ирлан Казбек уулу 1-орунду багындырып, кыргыздын желегин бийик көтөрүп, өлкө гимнин жаңырткан.

Спортчуларды тосуп алуу аземине КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Марат Масиркулов, ИИМдин «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири милициянын полковниги Равшан Кожобеков, машыктыруучулар, спортчулардын кесиптештери жана жакын туугандары катышышты.

IMG 0953 Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, - сүрөт
IMG 0854 Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, - сүрөт

Иш-чара учурунда спортчулардын ийгиликтери облус үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленди. Аларга мындан ары да жогорку ийгиликтерди багындыруу тилектери айтылып, бир катар сыйлыктар тапшырылды.

IMG 0731 Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, - сүрөт
IMG 0641 Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, - сүрөт
IMG 0736 Жалал-Абадда дүйнө чемпионун кантип тосуп алышты, - сүрөт