Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

11-сентябрда Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн балбан Акжол Махмудов (77 кг) дүйнө чемпиону болду.

Алтын үчүн беттеште Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, атаандашын биринчи бөлүктө эле жеңип алды. Беттеш 8:0 эсебинде аяктады.