Депутаттар таштанды талаасына барды

Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-апрелинде да көчмө жыйын уюштурулуп, тийиштүү кызмат адамдары менен биргеликте кеңири талкуу өткөрүлгөн.

Депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев көп жылдан бери топтолгон таштанды жайы шаардыктардын ден-соолугуна олутуу зыян келтирип жатканын белгилеген.

«Бирок көйгөйдү чечүүгө багытталган иш-пландар аягына чыгарылбай келет. Алсак, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 млн евро бөлгөн. Бирок, эч кандай жумуш жасалган эмес. Андыктан, маселенин чечилишине кедергисин тийгизген жагдайларды так белгилеп, күнөөлүүлөрдү да элге ачык айтуу керек»,– деди ал.

Ал эми 22 млн евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо да бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Муну менен катар депутаттар кийинки жыйынга башкы прокуратуранын өкүлү аталган маселе боюнча кеңири маалымат бериши керектигин белгилешти.

Мындан тышкары жыйында калаадагы таштанды көйгөйү да көтөрүлүп, депутаттык топтун мүчөлөрү калаа башчысын тазалыкка көңүл бурууга чакырышты.

Ошондой эле калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров таштанды полигонун жөнгө салуу жаатында жаңы долбоорду ишке ашыруу максатталганын айтып, бул үчүн алгач Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган каражаттардын терегиндеги талаштуу жагдайларды чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.