Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров 11-12-сентябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эки күндүк сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы региондун бир катар объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.