ВИДЕО: Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды

Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын утту. Ал 5-ноябрга караган түнү финалда Колумбиянын спортчусу менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандык балбан мелдешти 3-ноябрда 76 килограммга чейинки салмак категориясында баштаган.

Жарым финалга чейин Айпери Медет кызы эки беттеш өткөрдү. Алгач Эквадор өкүлү Генезис Росангалены (4:0), чейрек финалда индиялык Бипаша Бипашаны жеңип алган эле (4:0).

Айпери Медет кызы 22 жашта. Ал бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло алган.