Нарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган семинар-тренинг болду

Нарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган семинар- тренинг өткөрүлдү.

2021-жылдын 3-4- ноябрь күнү Нарын шаарында ички иштер органдары тарабынан зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүүнүн сапаттарын жогорулатууга багытталган 7 каскаддык семинар-тренинг КР ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциянын жетекчиси, милициянын полковниги Нуржан Адылова, Бишкек шаарындагы Зомбулуктан жабыр тарткан жардам берүү борборунун директору Динара Давлетбаева, ДПИБ КФ программалык адиси Гүлбарчын Жумабаева тарабынан өткөрүлүп, семинарга Нарын ОИИБнин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучусу милициянын подполковниги Рахат Мурзакматов, Нарын ОИИБнин Нарын шаардык, Ат-Башы,Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекторлору, милициянын участкалык уполномоченныйлары жана нөөмөт бөлүмүнүн ага инспекторлору катышты.

Семинар-тренингдин максаты, бул стандарттарды Коомдук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүнө практикалык жактан ишке киргизүү болуп эсептелет.

Стандарттык операциондук процедуралар эл аралык деңгээлде иштелип чыккан жана аялдардын жана балдардын жашоого болгон укугу, ден соолукту сактоо укугу, коопсуздукка ээ болуу укугу, басмырлоого кабылдоо укугу, сот адилеттигинин жана коргоонун жеткиликтүүлүгүнө ээ болуу укугу сыяктуу фундаменталдык укуктарын камсыз кылуу болуп саналат.

Семинар-тренинг Ички иштер министрлиги тарабынан “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” КФ менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин “Теңдик нуру” биргелешкен демилгесинин алкагында БУУнун Калк фондунун колдоо көрсөтүүсү астында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлерге маалыматтык таркатуучу материалдардын топтому, визиткалар, ак барак жанаишмердүүлүккө байланышкан окуу куралдары зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн ресурстук материалдар жүктөлгөн 32 ГБ флешка менен камсыз болушту

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы