Тилсиз жоо 4 жашар кыздын өмүрүн алды

Бишкек шаарындагы Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен 4 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 13:26да чектөөгө алынган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон. Азыр аты-жөнү такталууда. Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метр.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.