Сузак районунда окуучу кызга таш түшүп кетип, каза болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда окуучу кызга таштар түшүп кетип, каза болду. Кыз алган жаракатынан каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу оор жүк ташуучу унаа менен бир нече тонна таштарды жүктөп бара жаткан, ал эми кыз жол четинде болгон.

Айдоочу рулун башкара албай, жолдун четине чыгып унаа оодарылып кеткен. Ал учурда жол четинде турган кызды сүзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.