Президент маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

«Кадырлуу көркөм өнөр чеберлери, жалпы эле маданият өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин, элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, күчтүү, бакубат коомду кура албастыгыбызды буга чейин да айткан элем, дагы баса белгилеп айта кетейин. Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын „Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар“ деген керээз сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз кажет.

Маданият жана искусство чеберлеринин ата-бабаларыбыздан калган таберикти — элдик оозеки чыгармачылык, узчулук, кол өнөрчүлүк, көркөм адабий дөөлөттөрдүн учугун улап, кеңири жайылтуудагы салымы абдан зор.

Бүгүнкү күндө дагы көркөм өнөр жана маданият тармагы ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат. Маданият чөйрөсүндө ак кызмат кылгандар жаш муундардын мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, аларды атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоо менен элдин маданиятын көтөрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келишет.