Кыргызстанда «Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт» аттуу онлайн оюн иштелип чыкты

0
73

Улуттук кол өнөрчүлүктү заманбап ыкмада жайылтуу максатында Кыргызстанда «Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт» деген онлайн оюн иштелип чыкты.

Маалыматка ылайык, бул оюн “Айкын багыт” коомдук фонду Gonzo Design студиясы менен биргеликте жасалып, салттуу баалуулуктарга, энелердин батасына негизделген.

Ошондой эле оюн онлайн ыкмасында болуп, оюнга катышкан адам ал жерде баталар камтылган каалаган багытты тандайт.

Темалар каада-салттарга, энелердин аңгемелерине жана улуттук баалуулуктарга багытталып,  колдонуучу өзү тандап алган уникалдуу «саймалуу бата» смартфондун экранында көрүнүп турат.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.