ЧИМКИРИКТЕР! ЖАШТАР СИЛЕРГЕ КАРШЫ! СИЛЕРДИН УБАГЫҢАР БҮТТҮ!

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Адинай” сейил багында “Эл Үмүтү” партиясынын үгүт иштеринин алкагында өткөн тынчтык митингинде, партиянын төрагасы Алмаз уулу Аскар катышуучуларга сөз сүйлөп жатып буларды билдирди: “Чимкириктер, жаштар силерге каршы баратат! Биз сөзсүз жеңебиз, биз эски системаны жок кылабыз! Биздин катарыбыздагыларды карагыла. Бул адамдар кыргызстандыктарга жакшы жашоо, өзгөрүүлөрдү апкелет! Билгиле! Алар эски системаны жок кылат! Силердин убагыңар бүттү! Жаштардын мезгили келди. Жеңиш биз тарапта болот! “Эл Үмүтү”, жаштар – аракетте! Биз күрөштү баштап жатабыз. Ал күрөш мандат жана мансап-мартабага эмес, Кыргызстандын болочогу, жалпыбыздын жаркын келечегибизге багытталат!”– деди.

foto 2 el ЧИМКИРИКТЕР! ЖАШТАР СИЛЕРГЕ КАРШЫ! СИЛЕРДИН УБАГЫҢАР БҮТТҮ!

Партия лидеринин бул сөзү көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.

«Эл Үмүтү» бардык жагынан уникалдуу. Мындан мурда партия мүчөлөрү Кыргызстандагы салттуу шайлоо системасын жана партиялык курулушту «жок кыларын» билдиришкен. Ошондой эле, шайлоочуларды сатып алуу, шайлоо тилкелерине ташып келүү жана башка мыйзам бузууларга жол бербесин белгилешүүдө.

Партия курамындагы талапкерлердин бири Бактыгүл Ашырматова келген элге ыраазычылык билдирип, элдин үмүтүн актоо үчүн бардык күч аракетин жумшаарын айтты. Ал өз сөзүн жыйынтыктап жатып буларды айтты: “Мекенден алыс жүргөн адам гана мекендин баасын-баркын даана билет. Элиңди, жериңди абдан сагынасың. Мен көп жыл Европа өлкөлөрүндө жашап келдим.  Ошондой өнүккөн өлкөлөрдө жашап жүрүп, мен өз өлкөмдүн келечегин көп ойлончумун. Кыргызстандын экономикасы, билим берүү системасы, инфраструктура, социалдык коопсуздук, медицина, саламаттыкты сактоо, аялдардын укугу, дегеле түрдүү маселелер мээмден чыкчу эмес. Ошондой эле, канчалаган билимдүү жаштар ата-энесинен, бир туугандарынан, үй-бүлөсүнөн алыс башка өлкөдө эмгектенип келишет? Бул мени абдан капалантат. Эмнеге кыргыз жарандары өз өлкөсүндө жумуш  менен камсыз болуп, үй-бүлөсү менен бактылуу жашай албайт? Эмнеге балдырыбыз дайыма сагыныч, кусалык менен жашап, мээрим көрбөй чоңоюшу керек. Мен ошол үчүн ал жактагы жумушумду таштап мекенге келдим”, – деди.

Бүгүнкү митинг алга умтулууну бекемдеди. Жолугушууга элди жасалма чогултушкан жок. Салыштырмалуу  бул жолугушууга талапкерлердин чыныгы тарапташтары, кызыкдар жарандар баш болгон 800дөн ашык киши келди. Шайлоочулар, тарапташтар жана кайдыгер эмес жарандар менен жолугушуу үчүн «Эл Үмүтү» партиясынын өлкөнүн бардык аймактарындагы талапкерлери катышты.

foto 3 el ЧИМКИРИКТЕР! ЖАШТАР СИЛЕРГЕ КАРШЫ! СИЛЕРДИН УБАГЫҢАР БҮТТҮ!

Талапкер, медицина илимдеринин кандидаты, онколог Элдар Байбулатов жолугушууда сөз сүйлөп, дарыгерлердин кадыры кетип калганын айтты: «Мен саламаттык сактоонун сапаты начарлашына жөн карай албайм. Көп сандаган кесипкөй адистер сырт жакка кетип жатышат. Бейтапканалар, балдар ооруканалары толуп калды, дарыгерлер жетишпей жатат. Ошондуктан, өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бизди өлкөнү көтөрө ала турган кесипкөй адамдар парламентке келиши керек. Биздин жаш, күчтүү партияны колдоп берүүнүздөрдү суранам. Эл үмүтү – аракетте!»деп билдирди.

Ошондой эле, миңдеген кыргызстандыктарга таанымал жарандык активист жана коррупцияга каршы күрөшүп келе жаткан Болот Ибрагимов “жаштар шайлоого эмнеге бара жатат?” деген суроого жооп берди: «Көптөр бизге саясатка барбагыла, колуңарды «булгабагыла» деп айтып жатышат. Анда абалды ким оңдойт. Бизде тажрыйба жок деп жатышат, бирок ал башкы нерсе эмес. Менде жана партиялаштарымда дем-күч, кайрат бар жана эң башкысы баарын жакшы жакка оңдойбуз деген тилегибиз бар!»

foto 4 el m t ЧИМКИРИКТЕР! ЖАШТАР СИЛЕРГЕ КАРШЫ! СИЛЕРДИН УБАГЫҢАР БҮТТҮ!

75 жаштагы Гүлайым Чоноеванын сүйлөгөн да өзгөчө болду. Ал митингге өзүнүн небереси, депутаттыкка талапкер Улан Бердибаевди колдоо үчүн келген. Ал жаштарга ийгилик каалап, буларды кошумчалады: «Өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылында биздин жаштар дээрлик жакшы нерсе көргөн жок. Бийликтеги эски саясатчылардын колунан келбей жатат, алар кетиши керек, жаштарга жол бошотуп бериши зарыл. «Эл Үмүтү» партиясынын талапкерлери биздин келечегибиз үчүн абалды оңдой алат!»

Жолугушууда “Убакыт капсуласы” акциясы старт алды. Бул атайын жасалган капсулага ар бир Кыргызстандык калоо-тилегин, сунушун, пикирин жазып, ичине салса болот. Себеби, талапкерлер  өлкөбүздүн жети дубанын кыдырып, бүткүл Кыргызстандыктардын каттарын, сунуш-пикирлерин, каалоо тилектерин ушул капсулага чогултушат.

foto 4 el ЧИМКИРИКТЕР! ЖАШТАР СИЛЕРГЕ КАРШЫ! СИЛЕРДИН УБАГЫҢАР БҮТТҮ!

Жыйынтыгында капсуланы ачып, анын ичиндеги каттарды өздөрүнө тапшырма катары алып, 10 жылдан кийин  элдин үмүттүн актай алдыкпы же жокпу, салыштырып, баа берүүнү максат кылышууда.

Митинг аяктагандан кийин партиянын мүчөлөрү, алардын тарапташтары жана сейил бактагы жарандар партияны сүрөөнгө алып «Эл Үмүтү, Жаштар – аракетте» деп ураан чакырышты.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп» Бишкек шаары, Юг-2, 9-41. Басылган күнү «30» октябрь 2021-ж. «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.