3400 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоолорун Садыр Жапаров Мустафа Рыфатка көргөздү

Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Фейсбук баракчасына өлкө башчы Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөт жарыялап, билдирүү калтырды.

«Биз Кыргызстанга өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келдик. 3400 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоолорунан баарыңыздарга салам жолдойм», — деп жазган ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алып, соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланган.