Президент «Эл үмүтү» аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койду

Президент «Эл үмүтү» аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койгонун «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Садыр Жапаров дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн кыргызстандык жаштар үчүн 50 миң доллардын тегерегинде стипендия каралып жатканын айткан.

«Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштарыбыз үчүн атайын стипендиялар каралды. Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз, азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туралы деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң доллардан ашпоого тийиш. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет», — деди ал.

Президент ошондой эле илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнө турганын, учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришкенин кошумчалаган.