«Ала-Тоо» аянты оюн-зоок кичи аянтчаларынан тазаланды

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянты оюн-зоок кичи аянтчаларынан тазаланды.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аянтта мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн курулуштарын демонтаждоо боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында 6 оюн-зоок тактайчалары демонтаждалып, «Бузуулар» кодексине ылайык протоколдор түзүлдү.