Толкунбек Исаков: “Инклюзивдүү өлкө куруу керек”

“Инклюзивдүү өлкө куруу керек”. Бул тууралуу “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Толкунбек Исаков үгүт иштеринин ачылышына карата уюштурулган иш-чарада айтты.

photo1635505754 2 Толкунбек Исаков: “Инклюзивдүү өлкө куруу керек”

“Бул заманда ким майып болуп калат дегенге эч ким кепилдик бере албайт. 200 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын 37 000ден ашыгы балдар. Мындай адамдар тиешелүү колдоо албайт. Аларга карата туура эмес көз караш калыптанып калган. Бирок ар бир жарандын укугу бирдей. Майыптыгы бар адамдар толук кандуу жарандар менен аралашып, билим алганга, эмгектенге шарттар болушу керек. Алар өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алат. Мен болсо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргойм. Жогорку Кеңеш – мыйзам чыгаруучу орган. Сапаттуу мыйзамдар аркылуу гана майыптыгы бар адамдардын жашоосун өзгөртүүгө болот”, – деди Исаков.

Ал эми талапкер Эрнис Кыязов бардык тармакта мыктылар атаандашуу жолу менен гана мыкты боло турганын айтты.

photo1635505754 1 Толкунбек Исаков: “Инклюзивдүү өлкө куруу керек”

“Ала кушту атынан айт” дешет, бүгүнкү күндө соттор көз карандысыз же эркинби? Эркин эмес! Кадрдык саясат президенттин көзүнө, кабагына карап чечилеби? Ооба! Экономикада либералдуу акыбал барбы? Жок! Ушул системаны сындыруу үчүн саясий күрөштөр болуп келген. Бир эле кишинин сөзү сөз деген болбошу керек. Алдыңкы, өнүгүп-өскөн мамлекеттерден үлгү алышыбыз зарыл. Ошол эле маалда күнөөлүүлөрдү издебей, системаны оңдоо заман талабы”, – деди Кыязов.

Ал команда өз ишин мыкты билгендер менен толукталганын кошумчалап, шайлоо өнөктүгүндө партиялаштарына ийгилик каалады.

photo1635505754 Толкунбек Исаков: “Инклюзивдүү өлкө куруу керек”

Бүгүн, 29-октябрда “Альянс” саясий партиясы үгүт кампаниясын аймактарда эл менен жолугушуудан баштады.

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-октябрь, 2021-жыл.