Сүйүктүү Кыргызстаныма тынчтыкты, туруктуулукту жана өркүндөөнү каалайм!, – генерал

Генерал Кемелбек Киязов: Сүйүктүү Кыргызстаныма тынчтыкты, туруктуулукту жана өркүндөөнү каалайм!

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

Милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов милициянын гана эмес, спорттун да ардагери болуп саналат. Ал бир нече ирет стайердик аралыкка 10, 15, 21 км жана марафондук аралыктарга чуркоого катышкан. 65 жаш курагына чыккандыгына карабастан, ар бир чуркаган аралыктарында жеңүүчү орундарды алып, рекорддорду жаратып келет.


2021-жылдын 10-октябрында милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов “MBulak Kuz Demi 2021” бешинчи ирет өткөрүлүүчү марафонуна катышып, өзүнүн жашындагы категориясынын арасында 1-орунду ээледи. Бул марафон “Бишкек-Мана аэропорту” жолунда уюштурулуп, Кемелбек Киязов 42,2 км аралыгын 3 саат 47 минут 53 секундда чуркап өтүп, өзүнүн жеке рекордун жаңыртты.


Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата Кемелбек Киязов жалпы Ички иштер органдарынын өздүк курамына кутуктоо менен кайрылды: “Учур менен пайдаланып, Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү майрамы адында ардагерлерди, сержанттарды, офицерлерди, генералдарды жана жалпы Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын өздүк курамын куттуктаймын жана Сиздерге бекем ден-соолук, бакытты, ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалайм. Ал эми, сүйүктүү Кыргызстаныма тынчтыкты, туруктуулукту жана өркүндөөнү каалайм! – деп жыйынтыктады.

3f9fc258 0cf8 416c bc10 aa224ca74b3a Сүйүктүү Кыргызстаныма тынчтыкты, туруктуулукту жана өркүндөөнү каалайм!, - генерал
4fb98450 ddc3 4b32 8ef4 8b9fe80c7287 Сүйүктүү Кыргызстаныма тынчтыкты, туруктуулукту жана өркүндөөнү каалайм!, - генерал