Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аял боюнча милиция билдирүү таратты

29-октябрда Ош шаардык  ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 10-кабаттан секирү үгө аракет жасаган аялды куткарып калышты.  Бул туурасында Ош шаардык милиция билдирүү таратты.

Маалыматка караганда,кечээ саат 14.00 чамасында Ош шаарынын Джим-1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынын коридорунда жайгашкан балкондон өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аялды Ош шаардык милиция  кызматкерлери куткарып калышты. Аны алаксытып,  кармап калууга үлгүрүштү.

Куткарылган аялды «Тез жардам» кызматына, ӨКМ кызматкерлерине  көрсөтүшүп, андан кийин тергөө кызматына алып келишти.

Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аял 1986-жылы туулган.  Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, аялдын берген алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. Анын кенже баласын сот чечими менен атасына калтырылган. Ошол баласын кайтарып алуу үчүн ушундай  ишке баргандыгы тууралуу аялдын айткан маалыматы текшерилип жатат.

Ажырашкан жубайлардын ортосунда 6 баласы бар, Кара-Суу районунун тургундары.