Кыргызстанда алгачкы жолу Монголиянын элчиси дайындалды

Бул тууралуу 29-октябрдаТышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Монголиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ганхуяг Содномдон ишеним грамотанын көчүрмөсүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кабыл алып, Казакбаев менен жаңы дайындалган элчи эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы Монголиянын президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган.