Мамлекет башчы: “Баткен эли мекенчилдигин, ынтымагын көрсөттү”

Баткенге быйыл 1,3 миллион сом жардам берилди. Бул тууралуу Садыр Жапаров журналисттердин маалымат жыйынында билдирди.

“Курман болгон жана жаракат алган жарандарга 36 миллион сомго жардам берилген. 36 заманбап турак жайлар курулду, 2 мектеп, 1 оорукана, 3 бала бакча курулуп, ишке киргизилди.

Лейлекте 100 турак жай Түркия мамлекетинин жардамы менен курулду. Ошондой эле, 4 оорукана курулуп бүткөн”, деди Жапаров.