“Төрт көчө боюнча Мадумаров кол коюп берген кагаздар бар” Жапаров

Бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйын учурунда “Чек ара маселеси чечилиши үчүн дагы канча адам каза болуш керек?” деген суроо президентке берилди.

Ага президент төмөндөгүдөй жооп берди “Чек ара маселесин азыр да чечип коюуга даярмын. Бирок ал маселе оңой эле чечилип калбайт экен. Бул 30 жылдан бери келе жаткан маселе. “Төрт көчө” боюнча ошол кезде кызматта отурган Адахан Мадумаров кол коюп берген документтер бар. Бирок анын аталган протоколго кол коюуга укугу жок болчу. Аталган протоколдун юридикалык документ болуп эсептелбейт”, – деди президент.