Жапаров: “Жерди бизнеске айландырууга жол бербейбиз”

23-октябрда маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров логистикалык борборлор ишке киргизилип жатканын айтты.

Ал мындан ары жерлер мыйзамсыз берилбей тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле жаңы сугат жерлер ишке киргизилип жатканын билдирди.

Эске салсак, быйылкы жылы суу жана жайыт проблемасы курч болду. Бул жаатта президент суу жана жер маселелеринде бир катар реформалар болуп жатканын билдирди.