Мекенинде саясий кысымга кабылуу (POLITICAL REFUGEE), КРсы тууралуу абдан жаман маалыматтарды берген адам катары каралат, – Эргешпаева

“Тандем” юристтер биримдигинин координатору Таттыбүбү Эргешбаева Фейсбук баракчасында өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсаловдун Швецияда жашоого уруксааты боюнча маалымат жазды.

Анда ал, мамлекеттик кызматта турган адам Кыргызстандын гана жарандыгын алууга тийиш деп жазган.

“Башка мамлекетке качкын макамы менен барган адам биографиясы жана ал жашаган республика тууралуу конфиденциалдык жана негативдик маалыматтарды бериши мүмкүн. Ошону менен катар качкын (REFUGEE) болуп башка мамлекетке барган адам мекенин аны кысымга алып жаткандыгын билдирет. Мындай жагдайда ага дин, социалдык, улуттук жана башка аспектилер менен кабыл алышат. Ал эми мамлекет тарабынан куугунтукталып, башка жерге барган адам, такыр башка макам алат.

Мекенинде кысымга алуу (POLITICAL REFUGEE), КРсы тууралуу абдан жаман маалыматтарды берген адам катары каралат.
Визалардын башкалары да бар. Алар студенттик, жумуш визалары(temporary and permamently residence permit).

Эгер адам саясий куугунтук статусу менен башка мамлекетте жашаса, ал адам качып кеткен мамлекетинде бийик тепкичте иштебеши керек” , -деп жазган.