ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кеңешме болду

ИИМ: БМЖКККнын 2021-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

WhatsApp Image 2021 10 22 at 07.47.10 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кеңешме болду

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
Аталган кеңешменин ишинде ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги милициянын полковниги Улан Султанов, анын орун басарлары милициянын полковниги Н. Турусбеков жана милициянын полковниги М. Хажиматов катышты.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө алынган баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун көрсөткүчтөрүнүн былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулагандыгы байкалган.
2021-жылдын 9 айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кызматтын кызматкерлери тарабынан 416 факты (388 баңгилик кылмыш жана 28 жорук) катталган, бул бардык ИИО тарабынан катталган кылмыштардын жана жоруктардын 39,9% түзгөн.
БМЖКККнын ыкчам бөлүктөрү тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 тонна 402 килограмм 709 грамм баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган, бул бардык ИИО тарабынан алынган баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун 76,9% түзгөн.
Жыйынтык чыгаруу отурумунун жүрүшүндө жетекчилик тарабынан өзүнчө түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүндө болгон кемчиликтер белгиленип, начар иш алып барган айрым башкармалыктардын начальниктери тартиптик жазасына тартылды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган милдеттер коюлуп, кийинки отчеттук мезгилге артыкчылыктуу багыттар аныкталып, өздүк курамы арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышы боюнча талаптар коюлду.
Кошумча белгилей кетсек, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, азыркы учурда оор баңгизаттар ири өлчөмдө алынган, анын ичинен: 7 кг 281 гр. апийим, 6 кг 040 гр. героин, 123 кг 799 гр. каннабис чайыры (гашиш).
Россиянын жана Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары менен ири масштабдагы атайын операциялар өткөрүлүп, анын натыйжасында, Россия Федерациясынын аймагынан 46 кг 476 гр гашиш, ал эми Казакстандын аймагынан 7 кг 700 г апийим, 1кг. 100 гр гашиш алынган.
Күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн каналын уюштуруп алган, Кыргызстан, Тажикстан жана Россиянын жарандарынан турган улуттар аралык баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, жыйынтыгында БМЖКККнын кызматкерлери уюшкан баңгилик кылмыштуу топтун 9 мүчөсүн кармашкан.

ИИМдин Басма сөз кызматы