Таласта бала бакчанын көмүрканасында өрт чыкты

Таласта бала бакчанын көмүрканасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарындагы «Солнышко» бала бакчасынын көмүрканасында өрт чыгып, саат 04:04тө чектөөгө алынып, 06:19да толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.