21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, – Кыргызгидромет

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.

22-октябрь күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланат. Бактарга муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болорт.