Милициянын офицерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” ардактуу медалын тапшырылды

2021-жылдын 19-октябрында ИИМдин музейинде “Офицердин жубайы” ардактуу медалын сыйлоо аземи болуп өттү.
ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев медалдын келип чыгуусу боюнча кыскача айтып берип, сүрөттөгү ар бир түстүн өзүнчө мааниси бар экендигине токтолду.
«Бул өзгөчө медаль- ички иштер органдарында иштеген офицерлердин аялдары жолдошторунун ишенимдүү таянычы болуп, үй-бүлөлүк очоктун бейпилдигин жана коопсуздугун камсыз кылып, турмуштук оор кырдаалдарда дагы ишенимдүү жана чыдамдуу бойдон калган эбегейсиз зор ролун терең урматтап таануунун белгиси. Бардык кыйынчылыктарды тандаган адамдарыңыздар менен бирге жеңип, алардын сүйүктүү аялы, ишенимдүү досу жана тиреги бойдон калып, ар дайым колдоп келгениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздер бул сыйлыкка татыктуусуздар”, – деди Султан Жоошбаев.

WhatsApp Image 2021 10 19 at 15.47.18 Милициянын офицерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” ардактуу медалын тапшырылды
WhatsApp Image 2021 10 19 at 15.47.17 Милициянын офицерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” ардактуу медалын тапшырылды

ИИМдин Басма сөз кызматы