
Бишкекте УТРКнын “Телекүзөт” программасынын редакторун сабаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя 5-августта тартуу иштеринин жүрүшүндө болгон. Анда белгисиз жаран журналистке кол көтөрүп, бир нече жолу муштум менен согуп, жараткан келтирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалганы маалым болду.






