“Бала ырысы” жөлөк пулун берүүгө 235,7 млн сом жумшалды

Кыргызстанда июль айына карата “Бала ырысы” жөлөк пулун берүүгө 235,7 млн сом жумшалды. Бул тууралуу “Элден собол” берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башкы адиси Адел Жоомартова билдирди.

Ал белгилегендей, жөлөк пул министрликке келип түшкөн 192 миң арыздын негизинде чегерилди.

“Министрлик төлөө реестрин түзгөн. “Элдик Банк” банкы акча каражаттарын жарандардын банктык эсептерине которду. Бүгүнкү күндө жөлөк пул алуучулардын 99%ы акчаларды алышты. Ал эми калган 1%ы албай калган учурлар бар. Мында жарандардын банктык карталары бөгөттөлгөн же мөөнөтү өтүп кеткендиге байланыштуу экендиги белгиленди. Эми жарандар банк менен маселени такташып, каражаттарын алса болот”, – деп айтты башкы адис.