
Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча иш козголуп, 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, 3-августта 33 жаштагы келин милицияга кайрылып, жолдошу (расмий никеге турушкан эмес) акыркы үч жыл ичинде өзүнө жана кичинекей эки баласына зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Зомбулукка кабылып келген кичинекейлер өгөй баласы болгонун маалыматы бар кишилер айтышты.
Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын жүрүшүндө жабырлануучу күйөөсү өзүн жана балдарын зым, күрөк менен сабаганын айткан. Бул жагымсыз окуя боюнча келин менен балдарына соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Фактылардан улам Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) менен иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Шектүү эми беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.






