Тарыхый объекттерди сактоо боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объекттерин тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга 10 жылга мораторий киргизүү сунушун берди.

Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда мындай жайларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, аларды бузууга жана жаңы курулуштарды жүргүзүүгө тыюу салуу демилгеси жазылган.

Министрлик акыркы жылдары тарыхый-маданий мурас объекттери тарыхый баалуулугун жоготту же авариялык абалда деген жүйө менен алардын аймагы акырындык менен кыскартылып, мамлекеттик тизмелерден чыгарылып, андан кийин бузулуп, ордуна коммерциялык багыттагы имараттар курулган учурлар бар экенин билдирди.

Тарыхый, маданий мурас деп саналган имараттар “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жөнгө салынат. Документке ылайык, бул жайларды тизмеден чыгаруу үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек.

Министрлер кабинети 2025-жылдын жай айларында Бишкектеги бир катар эски имараттардын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алуу тууралуу токтом чыгарган.

Алар: “Кабар” мамлекеттик агенттиги орун алган, 1940-жылы курулган имарат; азыркы Жогорку сот жайгашкан, 1936-жылы курулган имарат жана 1955-жылы курулуп, 1965-жылы реконструкцияланган, учурда Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги жайгашкан имарат. Бул мурдараак Өкмөт үйүнүн, ага чейин Жогорку Кеңештин имараты болуп турган. Бул мекемелер кийин оңдолуп-түздөлгөн.

Бул иштер коомдо “тарыхый имараттардын сырткы көрүнүшүн бузууга алып келет” деген талаш-талкуу менен коштолгон.