Кыргызгидрометте 16 млн сом уурдалганы аныкталды

Аскер прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматында (Кыргызгидромет) мамлекеттик бюджеттин каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммадан кыйла ашык өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз которуп келишкени аныкталганы кабарланды.

Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө – 16 млн сом материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.