
Ош облусунун Алай районунда кездеме ташып бараткан жүк ташуучу унаа күйүп, жолдон өтүп бараткандар товардын жарымын сактап калууга үлгүрүштү.
Социалдык тармактарда тараган видеодон жүк ташыган унаанын алды жагы жалындап күйүп жатканын, бир нече адам унаанын артындагы кездемелерди жолдун жээгине ташып жатканын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 28-июлда Мазар-Булак айылынын жанында катталган. “КамАЗдан” чыккан өрт толугу менен 29-июлга караган түнү саат 00:10до өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.






