
Президент Садыр Жапаров 29-июлда эл аралык көп спорттук «Келечек оюндары — 2026» мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Казакстанга жумушчу сапары менен келди.
Астана шаарынын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук «Келечек оюндары — 2026» мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.
«Келечек оюндары» — салттуу спорттук дисциплиналарды, ошондой эле заманбап технологиялар менен киберспортту айкалыштырган эл аралык көп спорттук мелдеш болуп саналат.
Быйыл бул мелдешти Казакстан өткөрүп жатат. Астана шаарында 29-июлдан 9-августка чейин өтө турган мелдешке 34 өлкөдөн 800дөн ашык спортчу катышат.










