Орунтаев президенттин уулу менен достугу тууралуу кептерге жооп берди

Курулуш министри Нурдан Орунтаев президенттин үй-бүлөсүнөн эч ким менен тааныштыгы жок экенин билдирди.

Ага өлкө башчы Садыр Жапаровдун уулу менен достугу тууралуу суроо узатылган.

Орунтаев ИИМ академиясын бүтүрүп, милицияда кызмат өтөгөнүн, кийин мэрияда иштегенин эске салган.

“Президенттин уулу менен эч кандай байланышым жок, анын үй-бүлө мүчөлөрүн тааныбайм. Буга чейин башка адамдар сыяктуу эле укук коргоо органдарында иштегем. Мэрияга келгенде чакан департаментти жетектегем. Балким, жетекчилик жакшы жүргөн кадр саясатынын негизинде же белгилүү бир эмгектерим үчүн азыркы кызматка дайындагандыр. Бирок менин президент менен туугандык же достук байланышым жок. Анын кабыл алуусуна жыйындарда гана кирем”, — деди Орунтаев.