
Борбор калаада жеңил унаа менен тез жардам унаасынын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык Тоголок Молдо көчөсүндө, Щербаков көчөсүнөн алыс эмес жерде болгон.
Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан кагылышуудан кийин тез жардам унаасы капталына оодарылып калганын көрүүгө болот.
Жаракат алгандар тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.






