
Сокулукта мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, райондук прокуратура тарабынан текшеруү жүргүзүлгөн. Натыйжада 1996-жылы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага чектеш 5453,45 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган. Андан соң бир нече жолу колдон колго сатылгандыгы аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен жалпы баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.






