Бишкек–Раззаков каттамындагы учак техникалык мүчүлүштүктөн улам артка кайтты

Бүгүн, 9-июлда “Asman Airlines” авиакомпаниясынын Бишкек — Раззаков багыты боюнча учуп чыккан учагы техникалык себептерден улам “Манас” эл аралык аэропортуна кайра конууга аргасыз болду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, учуу учурунда экипаж техникалык мүчүлүштүк тууралуу индикатор күйгөнүн байкаган. Коопсуздукту камсыздоо максатында учкучтар аба кемесин өндүрүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык Бишкекке кайтуу чечимин кабыл алышкан.

Компаниянын маалыматына караганда, экипаж жана жердеги кызматтар бардык аракеттерди нускамага ылайык так аткарган. Аэропортто өзгөчө кырдаал кызматтары алдын ала даярдыкка келтирилип, учак штаттык режимде ийгиликтүү конгон.

“Жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу — авиакомпаниянын башкы артыкчылыгы. Asman Airlines түшүнүү менен мамиле кылган жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт”, — деп айтылат маалыматта.