
Таласта жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн төрт жана эки тилкелүү жолдордун курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, иштер Бердике Баатыр, Огонбаев, Оторбаев, Мырзалиев, Осмонкулов, Турдалиев, Шеркулов, Шамбетов, Манас, Үмөт Молдо, Мадиев жана Сатаев көчөлөрүндө жүрүп жатат.
Долбоорлорду ишке ашырууга президенттин турукташтыруу фондунан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Эрмат Жумаев ошондой эле 2024-2025-жылдары Таласта 30 чакырым жол жана 56 чакырым тротуар курулганын белгиледи.






